14.08.2018 18:10

Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Асейин Абдраев каза тапты

Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири Асейин Абдраев каза тапты

Кечээ, 13-августта мамлекеттик гербдин автору Асейин Абдраев 70 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Асейин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы туулган. 1969-жылы Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүтүргөн. 1993-жылы "Билим берүүнүн отличниги" наамына татыса, 1994-жылы "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамын алган.

Ал Садырбек Дубанаев менен биргеликте 1994-жылы кабыл алынган мамлекеттик гербдин автору болуп эсептелет. А.Абдраевди жерге берүү зыйнаты 16-августта Нарын шаарында өтөт.